жүрөкчө
- геогр. Кичинекей дөбө жер.
- Капчыгайдын, чаттын айрылышындагы, ортосундагы дөмпөйүп көтөрүлүп турган дөбө, кыр, белес, Капчыгайдын оозундагы жүрөкчөнү айланып өттүк (Абдукаримов).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
жанында, / Кыздары үкү сайынып, / Бооруна шуру тагынып, / Саамайын талдап таранып, / Тоту куштай сыланып, / Он бештен чачы тизилип, / Сагагын салып мойнуна, / Жүрөкчөсү карк алтын, / Беш манжага ак күмүш, / Шакектерин салынып, / Кулпулама билерик, / Күн чагылып жаркылдап, / Кулакка сүйкүм угулуп, / Күлкүсү башка шыңкылдап, / К…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →