жүр
- Бир жакты көздөй басуу, кадам шилтөө, багыт алуу, бастырып чыгуу, транспорт менен жөнөө, сапар тартуу, жолдо болуу.
- Барууга, бирге жөнөөгө ж.б. чакыруу иретинде колдонулат.
- Кандайдыр бир жерде болуу, туруу, жашоо.
- Иштелүү, аткаруу процессинде болуу.
- Бирөөгө жалданып иш иштөө, жалданып жумуш кылуу.
- Бир нерсенин ордун алмаштыруу, ага барабар келүү, анын ордуна колдонулуу.
- Транспорт, механизмдер ж.б. кыймылга келүү, иштөө.
- Суу, жаан, сел ж.б. каптоо, катуу агуу.
- Агымда болуу, согуп туруу.
- Көңүлү жакын болуу.
- Шахмат, шашка, тогуз кумалак, карта ж.б. оюндарында фигураларды жылдыруу, оюнга аралашып жүрүшкө ылайык жооп берүү, жооп кайтаруу.
- Белгилүү бир абалда, жагдайда, жүрүш-турушта болуу.
- Бар болуу, болуу.
- Көмөкчү этиш катарында колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Короолош коңшу жүргөндөр, / Жасоол курап чыкпасаң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Короодон кетпес мал экен, / Кардыгач минип жүрсө, деп, / Көөнүмө кетип калды эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Болжоп жүрдүм Таласта, / Айдай жеңем Айчүрөк, / Сени үч жыл көтөрдү, / Арамкор Кыйаз шек санап, / Электен далай өткөрдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Жүрүп отуруп, көптөн кийин бир тумшуктан айланып келип, кайра жолго түштүк.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Далайдан бери жолум болбой жүрдү эле, бүгүн бир курсагым тоет экен, – дейт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →