жүнсүз
- Жүнү жок, жүнү кыркылган.
- Жүндү аз берген, жүнү коюу эмес.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Алкылдаган аргымак, / Жылаңач жүнсүз тобурчак, / Булуттан күлүк буудандар, / Асыл жылкы кыргызда.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Индинин эли жете албайт, / Жылкысы жүнсүз бүт делбе, / Сыртка келсе кырылат, / Кайта үйүнө кете албайт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Койнунан колун чыгарбай, / Кооп барып сийе албай, / Көңүлдөрү кир болсун, / Түрөгөй чалыш жүнсүз мал, / Оогандыктын аттары, / Тоңуп өлүп жоголсун, / Кар жамынган корумдай, / Ар кай жерде торойсун!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Аза-бата деп келген, / Алоолонгон аргымак, / Жүнсүз нечен тобурчак, / Айгыр жалдуу, бээ курсак, / Мындайлардан байланды, / Качкы кууган жоргодон, / Жыртылбаган торко тон, / Өркөчтүн учун ийбеген, / Дегеле киши т…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Төө таманын ойултуп, / Күн-түнү жок тарттырып, / Жетисуу жете барамын, / Таластыктын жылкысы, / Жүнсүз баары тобурчак, / Түрөгөй чалыш аргымак, / Бардыгы күлүк, түрс айак, / Семетейден ала албай, / Мен келгемин ушул жак.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →