жүндөй
- Жүнгө окшош, жүн сыяктуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Тил албаса Жоодарды, / Байлап келгин, Жаманбай, / Жакшы-жаман дебестен, / Жүндөй сабап Жоодарды, / Айдап келгин Жаманбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кармап Мунар жарбайбы, / Чүрпөдөй мойнун жулбайбы, / Жилигин жулуп ыргытып, / Этин жүндөй тытпайбы, / Байтеректей күчү бар, / Шумдугуна ынайбы!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Билип алып Кара дөө, / Ылачындай имерип, / Тийип-чыгып кайран дөө, / Чокуга жетсе чокморлоп, / Жүндөй сабап токмоктоп, / Капталга келсе найзалап, / Кетемин деп ойлонот, / Кабыргасын талкалап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Албарсты, шайтан, азыткы, / Жүндөй учуп жүрүшөт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Мынабу чачы жүндөй уйпаланып, эс-мас болуп жаткан — эжем.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →