жүн

китептерде 122 жолу, 10 китепте
  1. Айбандардын, канаттуулардын бүт денесин каптап туруучу, адамдардын денесине аздап чыгуучу ичке жипче сыяктуу майда түктөрдүн жалпы наамы.
  2. Ак жибектей кере карыш жүндөрү, Аппак, кара жүндөрүнүн түрлөрү (Осмонкул).
  3. Малдын, асыресе кой-эчкинин ар кандай кездемелер токуу, тиричиликте керектөө, өндүрүштө иштетүү ж.б. максаттарда пайдалануу үчүн кыркып алынуучу түгү.
  4. Ушундай материалдын негизинде жасалган буюмдарды билдирүүдө колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ысыгы жайдын күнүндөй, / Бетинен чыккан сары түк, / Өгүз, айуу жүнүндөй. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…экөө, / Ачык жолу шар болуп, / Эр азамат кармачу, / Ар шайманы бар болуп, / Агы калбай көзүндө, / Ачуу менен кан толуп, / Таноолордон буу чыгып, / Бетинен сары жүн чыгып, / Азуулары кычырап, / Куйкалары курушат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Малды ээрчип кетпеди, / Жашы бышты болгунча, / Даакы жүнү түшпөдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Алдынкы сынын караса, / Чубар десе эп келет, / Арка жүнүн караса, / Тынар десе эп келет, / Ырысына караса, / Майпоз десе эп келет, / Канат сынын билгенге, / Жапкан ат десе эп келет, / Көз жалынын билгенге, / Келтебоз … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Өзү төөнүн жүнүнөн, / Өз үйүндө тигилген. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →