жүлжүң

китептерде 5 жолу, 3 китепте
  1. Жүлжүгүй көздүн көрүнүшүн же бир нерсени жүлжүйө карагандагы көздүн элесин билдирүүдө колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Угушуп алып басар күн, / Кулжанын айы болсун, деп, / Кулжуңдашып тарашты, / Көмөрө кийип малакай, / Жулжуңдашып тарашты, / Сүр көрсөтүп калганга, / Булжуңдашып тарашты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Тебетей ыргап, кол булгап, / Бир туурага бет алып, / Жүрүп берди жулжуңдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Ачакандын тилинен, / Тилкат алып кетели, / Коржоңдосо тил албай, / Кулжуңдаша кетели, / Оттогон койон ээктенип, / Мулжуңдаша кетели, / Батышпаган уруудай, / Жулжуңдаша кетели. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…ңбү деп, баланды, / Сураганы андан көп, / Өйдө-төмөн чапкылап, / Чубаганы мындан көп, / Кулагы жок жыпжылма, / Мулуңдаган андан көп, / Жулунуп сакал, муруту, / Жулжуңдаган мындан көп, / Жаагынан каны куйулуп, / Тамчылаган андан көп, / Жарам жаман, өлдү деп, / Зыркыраган мындан көп, / Ичегиси чарайып, / Чыгып калган мындан көп, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Манжулардын Нескара, / Котур төөдөй коржоңдоп, / Кулжуңдаган эме экен, / Которуп акыл көп ойлоп, / Жулжуңдаган эме экен, / Сакалы жок, чолок ээк, / Мулжуңдаган эме экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →