жүктө
- Унаага жүк артуу, теңдөө, байлап чырмоо, транспортко жүк салуу.
- өт. Кайдадыр бир ишти аткарууга милдеттендирүү, жоопкерлигин моюнга тагуу.
- Бир нерсени бирөөгө шылтап түртө салуу, оодаруу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Сандыкка салып жүктөгөн, / Сарпай канча, зар канча?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…л, / Үстүмдө таажы – багымды ал, / Айтылуу кебил шаарымды ал, / Алты дайра жеримди ал, / Андан кала бергенде, / Алты атадан бер жакка, / Жыйып койгон казына, / Жүктөтүп келип барын ал, / Жараса ооган кызын ал, / Жаратып туруп узун ал, / Чаптырып туруп күлүк ал, / Жактырып туруп нарын ал, / Жаптырып туруп комун ал, / Үйрүн бузб…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…ун Сеңирге, / Көчүп барып жол тосуп, / Бээни сойуп күтүнүп / Өз үйүмө түшүрүп, / Бата алсам экен” – деп, / Үстүндөгү ордонун, / Тутуларын бүктөтүп, / Нарларына жүктөтүп, / Накылай көчүп кетиптир, / Каныкей эми нетиптир?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Түшкө жакын, чегедек жүктөп келебиз деп, күрөң өгүзгө учкашып алып, Бейшемби экөөбүз тоого кеттик.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Балдар отун жүктөп бир күнү эшекти качырып жиберишет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →