жүктүү

китептерде 8 жолу, 5 китепте
  1. Жүк артылган, жүгү бар, жүк салынган.
  2. Боюнда бар, кош кабат, бооз.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жүктүү болсоң энеке, / Жүзүн көрүп кетейин, / Эркекпи, кызбы тууганым, / Анык билип кетейин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Күн бүркөлүп жааганда, / Булут каптап калганда, / Жеткайтка кетсек деп, / Элдер айтып турганда, / Коргондогу Сетертай, / Жеңемдин жүктүү болгонун, / Жайын айткан туйдурбай, / Ээн калат Талас деп, / Элди араң токтоттум, / Кечигип кетип жолборсуң, / Алаштын элин боздоттуң! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Эр Семетей, Гүлчоро, / Бели катуу Канчоро / Жете келип артыңан, / Жүктүү нарды көрүштү, / Илгери карай жүрүштү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Бир жерде жүктүү мал агып бараткан, бир жерде элечеги чубалып, бешиктүү катын агып келе жаткан, бир жерде өлүп, суунун четине тырайып чыгып калган, бир жерде көмөлөнүп сууга кетип бараткан баласына чыркырап түшө калып жаткан, бир жерде селейген өлүгүнүн жанында боздоп турган... Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– Мына бу агып жаткан дарыяга ары бери жүктүү унаа өткөндөй муз тоңдурасың, – деди. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →