жүк

китептерде 87 жолу, 10 китепте
  1. Ташыла турган, бир жерден экинчи жерге жеткириле турган нерселер, ар кандай буюмдар, таңылчактар.
  2. Үйдүн төрүндө жыйылган жууркан төшөк.
  3. Адамдын башына түшкөн кайгы, азап, оор иш, кыйынчылык, жоопкерчиликтүү милдет.
  4. өт. Өзү иштебеген, багууда жүргөн, салакасы тийген адам.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Коркпос болсоң,Чойун алп, / Жүгү менен нар айтып, / Алтын, күмүш зар айтып, / Коросон менен испандан, / Кандайча кошун сурадың?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жакыпка кары кеп айтып: / “Илгертен бери ырымды / Кылып келген,-деп айтып, / Жырык уйга жүк артып, / Жыртык кара үй артып, / Алпарып ташта токойго, / Катыныңды ардантып, / Алып келбей таштап кой, / Ошол жерге саргартып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Мурун жүрсөң курбалдаш, / Бүгүн барсаң мааналап, / Биз барабыз аркаңан, / Ооган жүктөй самсаалап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Энчиге беш жүз жылкы айдап, / Отуз төөгө жүк камдап, / Отунчу менен казанчы, / Санаты жыйырма экен, дейт, / Чоңтескей келип конду, дейт, / Бир бала келди кабарга, / Маа айтканы ушул кеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Баласы менен тоодон отун жүктөшүп келчүмүн, тегирменге барып ун салчубуз. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →