жүйрүк
- Жүгүргөнү, жүргөнү ылдам, күлүк.
- Өтө элпек, тез кыймылдаган, шамдагай.
- Чукугандай сөз тапкан, чечен, тили жатык, сүйлөөк, сөзгө чебер.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Сүрөбөй чапмак күлүктү, / Сынамак антип жүйрүктү, / Ат чыкпаса жыйырма алты, / Кыргызга салмак түйшүктү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Күн батыштын элдери, / Уйга ынак деди эле, / Уй болсо чапсын мингени, / Уйдан чыккан жүйрүккө, / Он миң алтын берели.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Саанына бөлдүрүп, / Сүрөгүн алды кыргыздар, / Ээсинин колу тийбеген, / Жүрөгүн алды кыргыздар, / Жарышып шамал жетпеген, / Канаттуу качып кетпеген, / Жүйрүгүн алды кыргыздар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →