жүздүү
- Өңдү-түстү билдирүүдө колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Баккан атам менин бар, / Абыдан дайынын айтайын, / Сакалы узун бириндеп, / Узун бойлуу чал сакал, / Кара сур эмес ак жүздүү, / Жасанып кийим кийбеген, / Жалтылдашты билбеген, / Бүкмөсү жок бүдөмүк, / Билгенин таамай сүйлөгөн, / Үйүнө кирсең зайыбы бар, / Билбеген аны жинди дейт, / А…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кудай урсун Калыбек, / Кебелбеген тоо болду, / Калыбектин карала, / Мүргүй түшүп оңолду, / Калыбек катуу мас экен, / Көзү ачылып соо болду, / Акылы башка келгенде, / Айткан кеби бу болду: / — Калкан кулак кан жүздүү, / Калкан тоодой сен кимсиң?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
Бузулбай баары хан болгон, / Айрыкчасы аларда, / Калаш деген бар болгон, / Ай келбеттүү нур жүздүү, / Көзгө көркөм чок беттүү, / Дүйнөдө андай ким өттү, / Элинде чаар бар болсо, / Баарын койбой түгөттү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сепкили жок ак жүздүү, / Ийриси жок түз сөздүү, / Өзү кайып болсо да, / Айтылып калды мүнөзү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Кыргоол жүндүү, кыз үндүү, / Кызыл чырай нур жүздүү, / Кызыл чийкил жаш бала, / Кирип келди мынаке.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →