жүдө

китептерде 48 жолу, 10 китепте
  1. Кандайдыр бир себеп менен өңүнөн азуу, чүнчүү, кебете-кешпири кетүү, жүдөмүш тартуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Багдатты жөөт кысканда, / Барып калып кененим, / Жөөттүн элин жүдөтүп, / Далай алым төлөтүп, / Төрт жаштакы баланы, / Бааша койуп кетиптир, / Бала бааша атанып, / Ал муратка жетиптир. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Бүткөн бойу жуурулуп, / Айланып көөнү кирдесе, / Салкын шамал жок жерде, / Сүт болбосо ичерге, / Ошондой жерге түшпөсө, / Ысык урган эгиндей, / Үрпөйүшүп жүдөсө, / Уйпаланган бул кыргыз, / Ошондо жооп бербесе, / Салкын жерде кыргыздар, / Баш берээр эмес дегеле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
салар шайын калтырбай, / Сайып кирди жүдөтүп, / Жолборс көргөн маралдай, / Качып берди дүрбөшүп, / Кылчайып артын карабай, / Караганга жарабай, / Айбаты тайып жүдөшүп, / Үйрөткөн пилин жиберди, / Көрсөтүп эрен Сыргакты, / Тебелеп аны кел, дешип, / Тумшугунун учунда, / Коргошун, коло аралаш, / Орнотуп койгон чойун баш, / Тому… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Элүү балбан бар дедиң, / Бекер жатып күүлөнбөй, / Сейитиге бар дегин, / Туунун туруп түбүндө, / Хандыгыңды билдиргин, / Балбандарга сайдыргын, / Кайратынан тайдыргын, / Дем алдырбай күнү-түн, / Жүрөгүн анын алдыргын, / Жүдөтүп жүрүп Сейитти, / Курбаты жок шай кылган, / Телкүрөң атын арыткын, / Убай менен карыткын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Койбой бузду шаарыңды, / Куп жүдөттү баарыңды! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →