жүгөн
- Жылкынын башына катылуучу ооздук, тизгин, чылбыр, сагалдырык ж.б. бириккен кайыштан жасалган ат турманынын бири.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Чигитейдин Тору аты, / Кажаганда бул атты, / Ээр-токум, жүгөндөн, / Калтырбай такыр бир неме, / Зоого салып кулатты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Жүгөнү менен ноктосун, / Шыйрып алды башынан, / Арам өлгөн Карткүрөң, / Башын жерге салбастан, / Куйругун салып сыртына, / Ойноп кетип калганы, / Арасы алты күндүк жол, / Үйүр болгон аттарга, / Тоо башына күн чала, / Ошого жетип барганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…/ Ордунан турду Кутургур, / Сындырымга тогуз күн, / Сыргакка салган Тоосур ат, / Тоңурчуктап туралбайт, / Чылбырынан кармады, / Буттан кишен тушоону, / Башынан жүгөн алганы, / Жетим тайдын күр жылга, / Туруштук берчүү көп малга, / Көз ачкынча жалмады, / Топурак учуп, жер чаңдап, / Такыр болуп калганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Суркойон оозун бош койуп, / Башынан алып жүгөндү, / Эчтемеден камы жок / Агытып атын жиберди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Абышка, атты бир шаарга алып келип, көп акчага сатты, да, жүгөнүн белине курчанып, үйүнө кайтты.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →