жүгүр

китептерде 265 жолу, 10 китепте
  1. Ылдамдап тез-тез кадам шилтөө, ылдамдаган арыш таштоо, чуркоо.
  2. Ашыккан, шашылган аракетте болуу.
  3. Кыймылга келип жүрүп турган, тегеренип чимирилген абалда болуу.
  4. Таралуу, жайылуу.
  5. Кой-эчкинин, кайберендердин эркеги ургаачысын кууп уруктандыруу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ашып- шашып ашпаздар, / Аш -тамагын белендеп, / Жүгүрүшүп дереңдеп, / Алты күн өттү арадан, / Тура калып Талана, / Ашырбай жеди тамактан, / Дайардын баарын жеп болуп, / Аттанып чыкты айылдан, / Тармалкөк менен зоңкойуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жабылып желдет жүгүрдү, / Сынчыбек жандан түңүлдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Торсолдой келип коргонго, / Дарбазадан киргенде, / Кабылан Бакай, Каныкей, / Гүлчоро - үчөө жүгүрүп, / Муну көргөн Чанданбай, / Кадырлуу болгон калгандар, / Кара жандан түңүлүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Мен кырдан жүгүрүп алдымда бир кабакка кире берген жерде түсүнө катуу коркунуч белгиси кирип, көзү чакырайып калың чалканга жаңы тыгылып жаткан бирөө мага: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Бала сүйүнгөн бойдон ага жүгүрүп барып салам айтса, жигит атына камчы уруп, чү деген боюнча кетти. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →