жүгүн
- Күйөөсүнөн улуу тууган-туушкан, жек-жаат адамдарды биринчи жолу көргөндө жаңы келген келин эки колун бооруна алып, белин бүгүп эңкейип, башын ийип ызаттоо белгисин көрсөтүү.
- Даражалуу, өзүнөн улуу адамдарга ийилип салам берип ызаттоо, урматтоо, таазим кылуу.
- Кошомат кылуу, жагынуу, кечирим суроо, бөйпөңдөө, баш ийип, кулдук кылуу.
- Бак-дарак, өсүмдүктөр башын ие ыргалуу, термелүү, ийилүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ханы өлүп эл калса, / Саадагын салып мойнуна, / Кол куушуруп тизелеп, / Бир жүгүнүп кутулат, / Кара аскер өлүп хан калса, / Калкынан жана кычырат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…, / Кененим аны тааныбайт, / Тааныды бизди деп шашып, / Аша-шаша калдаңдап, / Аттарынан куланып, / Жыгылып-кууп тамтаңдап, / Таазим кылып бүгүлүп, / Катындарча жүгүнүп, / Кендиргелеп бүгүлүп, / Келиндерче жүгүнүп, / Кеп айталбай аптыгып, / Кер сары болуп өң азып, / Таноолору кыпчылып, / Тарамышы тырышып, / Салам айтып калтыра…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ — Болот, Бакай, болот, — деп, / Борсулдап Кошой күлдү эле, / Кол куушуруп Каныкей, / Жүгүнүп карап кирди эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Каркылдап Бакай башында, / Каныкей турат кашында, / Эки колу бүгүлүп, / Абасына жүгүнүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Анын жүгүн бөлүшүп көтөрүп алдык.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →