жыңайлак

китептерде 9 жолу, 2 китепте
  1. Бут кийими жок, бут кийимсиз, жылаңайлак.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Медерканды карматып, / Жыңайлак койду айдатып: / — Алычу белең сен бизден, / Ар жылда алым бергин, деп, / Алтын-күмүш жайнатып, / Кемитпей миңден нар алдың, / Үстүнө буулум зар артып, / Кечилдерди ыйлаттың, / Жөөлөтүп жылкы айдатып! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
Ошентип баратып, бир кезде жыңайлак бутумду курч туягы басып кетти эле сазайымды тартып, отура калдым. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Эби жок кармап алсам керек, жаңкы жерге барып, эми төгөйүн деп жатсам, мөөндүн бир учу жылмышып кетип, жыңайлак балтырыма былжыраган бирдеме жая берди. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
(Мен жыңайлакмын). Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Жыңайлак, ташыркайсыңар го. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →