жыттан

китептерде 44 жолу, 9 китепте
  1. Жыт чыгаруу, жыты билинүү, жыт берүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Суусу тунук мөлтүлдөп, / Гүлдөрү турган гүлүңдөп, / Чырпыгы талдын буралган, / Кыз чачындай сыланган, / Жери атыр жыттанган, / Мурунду жарып буркурап, / Сүйкүм шамал зыркырап, / Молдо торгой сандыгач, / Туш-тушунда чуркурап, / Бүлдүргөн менен мандалак, / Төгүлдү жерге самсаалап, / А… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Чөптүн баары чыгыптыр, / Жыпардай жыты жыттанып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Бүгүн да бар булардын, / Жүрөгүндө арамдык, / Булар чыгып бийиктен, / Түздөгү элди карашып, / Сомбилек, Ойрот – эки дөө, / Бирин –бири марашып, / Кан кумары айбандар, / Балбандары бук болду, / Жин жыттанып, бок сасып, / Кан төгүлөр чак болду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Чыла жыттанган караңгы кепеде токулуу турган даяр аттарды мине коюп, биз да кечикпей жөнөдүк. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Эми мен адамзат жыттанып калдым. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →