жытта
- Жыт алуу органдары, сезими аркылуу бир нерсенин жытын алуу, жытын сезүү, искөө.
- Эркелетүү, жакшы көрүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Заманды, Жоомарт, Буйтуна, / Бирден-бирден мушташты, / Дөөкүрсүгөн эрлерди, / Кыргыздын Асыл баласы, / Кара жерди жыттатты, / Илебин менен Сакычак – / Экөөнү катар сулатты, / Беттешип чыккан ким болсо, / Тоо да болсо кулатты, / Тобу менен сулатты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Сегиз миң жыл жашаган, / Адам ойлоп тапкысыз, / Нечен ишти жасаган, / Кутулбады Жүйрүн дөө, / Керк көтөрбөй, пил минбей, / Антип жүргөн нечен дөө, / Кутула албай баарысы, / Колунан кетип намысы, / Кучагын жайып кулачтап, / Жерди жыттап калышы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Манастын мойнун кучактап, / Желкесинен бир жыттап, / Токтобой кетти Чыйырды, / Көзүнүн жашы бурчактап, / Бакдөөлөт чыкты аңгыча, / Узун көйнөк булактап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Ошого да болбой, өлөт алгыр бир кызыл уй чычаңдап, мөңкүп барып токтой калып, куйругун шыйпанып, тумшугу менен арткы бутун бир жыттап алып, туруп-туруп, топ-топ бөлүнүп, өкүрөңдөп алып, жүрүп бербеспи!
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Үч уулу Шам шаарына келип, улуусу жер үстүн заматта айланып чыга ала турган ат, ортончусу бүт аалам көрүнүп тургудай көзгө, кичүүсү жыттатып койсо, өлгөн адамды тирилтчү алма алып келишет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →