жырык

китептерде 4 жолу, 2 китепте
  1. Эриндери же мурду жырылган.
  2. Көзү жырылган.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жакыпка кары кеп айтып: / “Илгертен бери ырымды / Кылып келген,-деп айтып, / Жырык уйга жүк артып, / Жыртык кара үй артып, / Алпарып ташта токойго, / Катыныңды ардантып, / Алып келбей таштап кой, / Ошол жерге саргартып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жыртык кара үй берген, / Жырык кара үй берген, / Жайдын күнү болгондо, / Күнгөй бетте кондурат, / Кыштын күнү болгондо, / Тескейлетип кондурат, / Чубактан угуп абалды, / Кастыкты Алмаң байкады, / Агеркечке чапталып, / Алмам да мурун аксады, / Кайерде болсо кастыктын, / Кабылат экен капканы! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Байкап көрсөм бул элди, / Бүткөн бойу үпчүлүү, / Аркасы жырык этеги, / Капталынан топчулуу, / Кытай журту болбосун, / Ошол өңдүү көрүнөт, / Абайласам болжолу. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →