жыртыш1

китептерде 11 жолу, 5 китепте
  1. Кары адамдар өлгөндө келген аялдарга берилүүчү кездеменин айрындысы, таратып берүү үчүн атайын айрылган чарчы кездеме.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Чогуу туруп үч урук, / Чокчоңдодук урушуп, / Соот-тонду жыртышып, / Найзанын учун түйрүлтүп, / Балтанын сыртын баткалап, / Кылычтын мизин кетилтип, / Ат олоңун бекитип, / Айанбай салдык урушту. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
тартышып, / Тамандашып тебишип, / Этектен орой кармашып, / Барлык күчүн арнашып, / Ээр кашына орошуп, / Алалбай аттан түшүрүп, / Алаканга түкүрүп, / Жакаларын жыртышып, / Кемерлерин үзүшүп, / Ат үстүндө сүзүшүп, / Мурундун каны тамчылап, / Кеңкула менен Тармалкөк, / Ат айабай камчылап, / Ажырата тарталбай, / Жанга өлчөлүү тул… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Көөдөндөрү кирилдеп, / Көздөрү чылпак ириңдеп, / Кирпиги катып чакыйып, / Сакалдары бириндеп, / Коколорун кысышып, / Жакаларын жыртышып, / Бел боолорун үзүшүп, / Ээктерге сүзүшүп, / Этектерин бөлүшүп, / Айкырышып сөгүшүп, / Баштардан кан жойулуп, / Шымаланып билектин, / Териси калбай сойулуп, /… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…й, / Уңгулары жарылып, / Керекке келер кейпи жок, / Эми кайра чабылып, / Бир мегежин бир каман, / Майданда калды табышып, / Жакадан алып тартышып, / Олпокторун жыртышып, / Соотторун булушуп, / Жеңдерин үзүп ыргытып, / Эки көзү чакчайып, / Кутургурдун ошондо, / Сакалы менен муруту, / Тиктенип чыкты саксайып, / Түкүрүп колго сун… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ “Жыртышы — деп — досуңдун”. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →