жыртык
- Жыртылган, айрылган, тешиги бар.
- Тешик, жылчык.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Чойулуп кеткен турбайбы, / Мурунку күнкү урушта, / Үзөңгү боосун кыскартып, / Керек болчу шаймандын, / Жыртык жерин жаматып, / Кемтик жерин куратып, / Үзүлгөнүн улатып, / Кем-керчи жок камдаган, / Аттанып чыкты Жагалмай, / Ач арстандай кыргыздан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жакыпка кары кеп айтып: / “Илгертен бери ырымды / Кылып келген,-деп айтып, / Жырык уйга жүк артып, / Жыртык кара үй артып, / Алпарып ташта токойго, / Катыныңды ардантып, / Алып келбей таштап кой, / Ошол жерге саргартып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жесир катын жетим уул, / Жыйдырып келген андайды, / Караары жок жөлөксүз, / Өбөктөгөн чалдарды, / Жылаңач –жыртык бечара, / Колунда жок андайды, / Эсебин алып санатып, / Алтын –күмүш малдарды, / Бөлүп берди таратып, / Нааразы киши жок болду, / Жетпеди деп талашып, / Бата берип калың эл, / Сейитти койду узатып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Он экиде жашы бар, / Кундуздай кара чачы бар, / Ылжыраган сары эмес, / Жылтыр сары жийде жүз, / Көктөн көрүп эжеңиз, / Жанына түштү бакчанын, / Он төрт-он беш жаш болуп, / Өтө манап кооз эмес, / Өтө жыртык деги эмес, / Тааныбаган кыз болуп, / Басып барды Айчүрөк, / Бир нерсе сурап келгендей, / Шашып барды Айчүрөк.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Жел бардык күчүн жыйнап келип урганда, жаман үзүк делпилдеп, үйдүн жыгачтары кычырагандай болот, ирегеде чийдин бир жыртыгынан эрегишкендей борошо кирип, айдап алган карды коломтого чейин буркуратып таштап турат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →