жырткыч
- Башка жаныбарларга кол салып, аларды жеп азыктануучу, жырткычтык менен күн көрүүчү айбандарга, куштарга ж.б. карата колдонулуучу жалпы ат.
- өт. Аябаган мыкаачы, өлтүрүүдөн, жабыр тарткызып талаптоноодон кайра тартпаган ырайымсыз, аёо дегенди билбеген, мээримдүүлүгү жок талоончу, таш, боор.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Акылын адам тапкандай, / Ажыдаар менен жаткандай, / Адамзат эмес жырткычтын, / Арасына баткандай, / Азамат сыны бөлөкчө, / Ар кандай адам баккандай, / Адашып калар күн болсо, / Ар айланы тапкандай, / Сунса колду узартып, / Жумулса көздү ачкандай, / Бала айкөл мен тургай, / Те байыркы пайганбарга жаккындай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Мурункудай сагызган, / Үн сала албай шоктонуп, / Кузгун учпай жок болуп, / Баса албай бөрү токтолуп, / Жыландар жылбай жыйрылып, / Жырткычтын баары тыйылып, / Келарыс менен чөөбөрү, / Кемерден чыкпай кылыйып, / Кас кылчунун баарысы, / Калды түгөл тыйылып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Адамдын этин жей турган, / Жалгыз көздөй жырткычты, / Бучкагына теңебей.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Эси чыгып чочуп жүргөн, токтоно албай качып жүргөн жырткычтын баарын жолго салып, жылас кылды.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
– Мен жырткыч эмесмин, адам баласымын.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →