жыртай
- Көздүн эттери сыртын көздөй тартылып, кызарып, жаш агып туруу, ушундай көрүнүштө болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кирип келип Жакып хан, / Тиктесе көзүн жыртайтып, / Тим эле ачуу кылгансып: / «Ой, Бакдөөлөт байбиче, / Аңкап келген балама, / Алып келгин арак, — деп, / Ылдамыраак сунгунуң, / Уктуң эле байа эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →