жыргал

китептерде 32 жолу, 10 китепте
  1. Жан жыргаткан, көңүл көтөргөн бейпилдик, кеңчилик, ыракат, жыргаган сонун турмуш, убайымсыз куунак көңүл.
  2. Таандык м. менен: жыргалым. Көңүл сезимин, жакшы көргөндүгүн билдирүүдө, эркелеткенде колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Эл жыргаса жыргасын, / Эмгегин тарткан элимдин, / Жыргалын көрсүн кара журт, / Эл башкарган эринин, / Ой, Орунбай ойлоп көр, / Эсири болсо кебимдин, / Аксакалдуу карың ук, / Айал-эркек – баарың ук, / Абайлап уккун айалдар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
бир тоо бар, / Аны көрүп алыстан, / Муну алды ойуна ал: / “Үйүмдө турбай ойдолоп, / Өзөн жарып тоо бойлоп, / Ойноп жүргөн Бейжиндин, / Учуучу тоосу жок эле, / Жыргалын көргөн Бейжиндин, / Жылуучу тоосу жок эле”.- / Тообу десе дөбөдөй, / Алмамбет абдан байкаса, / Тоо да эмес, дөбө эмес, / Кытайдан чыккан төрөдөй. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ат жетээр жерде жан калбай, / Келип-кетип топтошуп, / Семетей менен көрүшүп, / Эсен-соосун билишип, / Кыргыздар жетти жыргалга, / Мурункуга окшошуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Жыргалга баткан кыргыздар, / Айылчылап сыйлашып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Четинен жеп, ою менен уктап, эриккенде этке кирип, суусаганда суу ичип, жыргалда жүрдү. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →