жырга

китептерде 121 жолу, 10 китепте
  1. Жыргалга, ыракатка батуу, кең-кесири, жетиштүү жашоо, ыракаттануу, убайымсыз куунак жашоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Көрө салып Чигитей, / Жылмыйып күлүп жиберди: / “Жыргап жаткан немедей, / Бир-бирден келген экен, — деп, / Ачылып багым ченебей! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Бай болбой Жакып, тентип кет, / Жыргатар болсо калмактар / Баркөлгө кайра көчүп кет! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Каргалдайды сен балам, / Ордонун башы бол деди, / Кутубай менен Торсолдой, / Балдардын көрүп урматын, / Үйүңдө жыргап жат, деди, / Ушундай кеңеш кеп болсо, / Ички сырды айт, — деди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Аркасында Семеңдин, / Жыргап жаткан эл эле! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Ошентип, бала менен энеси жыргап-куунап, жакшы турмушта жашап калган экен. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →