жыра

китептерде 5 жолу, 3 китепте
  1. Суу жеп жар кылып кеткен жылгача.
  2. Тоонун жылгаланып айрылган коктуча жери.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

– / Деп ошентип зор Манас, / Тура бербей тай талаш, / Жыра басып, түз кылып, / Талкалап кеткен кемеге, / Кемеге кайра ойдуруп, / Жаңылап малын сойдуруп, / Бардыгы келди хандардын, / Баатыр шерге чогулуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…р канча салса акыры, / Аны Кошой туйбады, / Жаш баладай шолоктоп, / Ого бетер уктады, / Ойготмокко эр Манас, / Найза менен Кошойду, / Көнөктөй этин бөлүнтүп, / Жыра сайып таштады, / Ачылып көзүн умачтай, / Ташты көрүп шашканы, / Ойготпосо анчалык, / Абакеңди Ороңгу, / Ташка чаба тас калды! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Манастын сөзүн болбойт, деп, / Жыра турган ким экен? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Колун өөдө кылгынча, / Кылычты кындан сууруганча, / Оң жаккы кара санына, / Найзаны сайып мылгытып, / Кой башындай сом этти, / Жыра сайып ыргытып, / Сол бөйрөккө бир сайды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Ийри айтсам, түз айтсам, / Кебимди Кыйаз жыра албайт! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →