жыр

китептерде 14 жолу, 5 китепте
  1. Жарып же теше айрып кетүү, тытып кетүү.
  2. Бир четинен, кырынан, эрдөөнүнөн бузуп кетүү, кемирип жеп кетүү.
  3. Сөзүн бөлүү, орто жерден кошула сүйлөп кетүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ысыккөл менен Атбашы, / Алматы калса кыргызда, / Тумтак күнүн түгөтүп, / Томсортот элек кыргызды, / Тордун баарын жырылтып, / Каракөз салды бузукту. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Карапа турган Бактыбай, / Хандык туунун түбүндө, / Он тогуз менен жырманын, / Ал экөөнүн биринде. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Аш берүүгө ылайык, / Алайдын жери кең эле, / Жырылган тулаң күр эле, / Суусу - булак, отун жок, / Ошол экөө кем эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Иттер келип такымдап, / Жырып кетти эттерин, / Караган-бута, токойлор, / Жарып кетти беттерин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
— Кыргызыңша жырла,— деди мени карап жыл-мыйып. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →