жып2

китептерде 9 жолу, 5 китепте жып 1 →
  1. Сын атоочтун жыпжылаңач, жыпжылуу, жыпжылмакай сыяктуу күчөтмө даражасын түзөт.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

испандык, / Шек алдырбай жылбайбы, / Кол салган киши биз болуп, / Түп көтөрө кырбайбы, / Тукум курут кылбайбы, / Сынбай бутуң аксайбы, / Жилигиңди чакпайбы, / Жып-жылма түптүз кылбайбы, / Жылас кылып тынбайбы, / Азыркысын кетели, / Келеркисин дешели, / Келер жылы жайында, / Уруумдан, усун, кол кура, / Чыгыштагы беш урук, / Кол… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кыргыздын баарын кырбасам, / Жып-жылма, түптүз кылбасам, / Жеримдин аты Талас дейт, / Атамдын аты Манас дейт, / Таласыңды талкалап, / Ташын кумдай кылбасам, / Манас деген ким болсо, / Тилин сууруп а… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…алын төгүлүп, / Ач арстандай күркүрөп, / Көргөндүн бойу дүркүрөп: / — Кызыталак ногойду, / Кытайдан кырбасам, / Кырып салып тынбасам, / Андан кийин жылбасам, / Жып-жылма, түп-түз кылбасам! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Айтып болуп кылт этип, / Кызча күлүп шыңк этип, / Тапан хандын бетинен, / Сылап койду жып этип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Эмки жыпы бизди жети кара ат кылып чыгарат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →