жыпылда

китептерде 3 жолу, 3 китепте
  1. Өтө тез кыймылдоо, элпек, жеңил кыймыл-аракетте болуу.
  2. Кишинин ичи койнуна кирген лепилдеген мамиле жасоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жана сонун жана бар, / Сойлоп барат жыпылдап, / Түргөн чийдей ажыдаар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Жыландай сойлоп жыпылдап, / Таңкы желдей зырылдап, / Туйагы тийген кара таш, / Топурактай быркырап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…/ Сагызганы шакылдап, / Желип жүрөт карышкыр, / Оозун ачып акылдап, / Кыргыйек учуп жем үчүн, / Жар кылаалап зыпылдап, / Карчыга учуп бөксөлөп, / Көзгө илинбей жыпылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →