жыпар
- Аңкыган жакшы жыт.
- Жыты аңкыган, жыты жакшы, жакшы жыттуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
мойундуу аптаба, / Колдоруна суу алып, / Олтурса орун салышып, / Кирген менен чыкканда, / Жүгүрүп эшик ачышып, / Кирин жууп тарашып, / Күнгө жайып кургатып, / Жыпардын жыты буркурап, / Жылман сууга чылашып, / Алты күн өрүүн алдырды, / Айабай сыйга кандырды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
- / Жериңен жыпар буркурап, / Бүткөн бойу зыркырап, / Чыдай албай Алакең, / Ыйлап турат буркурап, / Кабылан сындуу эр Сыргак, / Жоокалатып Алакең Алмаңды, / Эми турду кеп сурап: / — Алтын эшик чоң коргон, / Ордо көрдүм Бейжинден, / Ал эле кимдин ордосу?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жытың жыпар буркурап, / Бүткөн бойдон тер агып, / Кетип барам жымырап!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Салкындуу жыпар, сайын түз, / Залкарлуу тоом бергин күч!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Чөптүн баары чыгыптыр, / Жыпардай жыты жыттанып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →