жыныс
- Адамдардын жана айбанаттардын эркек, ургаачыга бөлүнүшү, эркек, ургаачылыгына карай бөлүүчү теги.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Сууперинин бары ажыз, / Жынысы ургачы болгон соң, / Айрыкчасы мен ажыз, / Өлүмдөн койдуң куткарып, / Болуп калдык чоң тааныш, / Атама айтып кабарды, / Соогасын алып чыгалык, / Кызматыңды кылалык.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жынысы ургаачы бендеде, / Эрге тийбес болобу, / Мындай эрге тийбесе, / Түбүндө киши оңобу?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →