жымың

китептерде 4 жолу, 3 китепте
  1. Кубанып күлмүңдөгөн, жылмая күлүмсүрөгөн көрүнүштү, элести билдирүүдө колдонулат.
  2. Жылт-жылт этип бир көрүнүп, бир жок боло түшкөн сыяктуу элести билдирүүдө колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кылыксынып кара бет, / Кыйа карап оштонуп, / Жымың этип бир күлүп, / Тиктеп калды томсоруп: / — Жатамын деп ашыгып, / Дал бешимден шашканың, / Умсунуп турдум от жанып, / Үмүттү үзүп таштадың, / Дагы ушундай кур… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Зор Кыйаз үйгө киргенде, / Алмамбеттин Гүлчоро, / Үй айланган кездерде, / Тиктеп көзүн айрыбай, / Гүлчорого Сейтек, / Жымың этип күлдү эле, / Ээрдин тиштеп Гүлчоро, / Башын ийкеп өттү эле, / Ойногончо Сейтек, / Жаасын алып колуна, / Айчүрөк менен уйчунун, / Айтышып жаткан кептерин, … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Мен силерди көрүп турам дегендей асманда жылдыздар жымың-жымың этишет. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →