жымыр
- Билгизбей, ээсинен сурабай, көргөзбөй алып кетүү, катып алуу, кытып алуу, уурдап алуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…, / Борошолоп зырылдап, / Шамал чыгып зуулдап, / Кабаган иттей ырылдап, / Жердин бети кар болуп, / Аппак болуп зымырап, / Ой, түзү жок билинбей, / Көз тайгылып жымырап, / Туш-тушунан жыгачтар, / Ырдагансып кыңылдап, / Тердикке чыга кар келди, / Жан-жаныбар баарына, / Кең дүнүйө тар келди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…, / Боосу узун үзөңгү, / Эки буту салбаңдап, / Таноосу көөп кетиптир, / Текечердей барбаңдап, / Туураланып айкырып, / Аңги эшектей дардаңдап, / Ой-тоону койбой жымырып, / Оп тартчуудай оозуна, / Көзү туман бүлбүлдөп, / Өзүнчө сүйлөп күдүңдөп, / Найзасынын учунан, / Жалыңдаган от күйөт, / Сакал менен мурутта, / Ала карга, сагы…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Ак ниеттүү көп жандар, / Ысык сорпо ичкендей, / Тери агып жымырап, / Алатоо эргип бой жасап, / Асман тиреп зымырап, / Атактуу Талас, Кеңколдон, / Көк көрүндү жыбырап, / Эркек эки баланы, / Эптеп ороп алганы, / Эңчеңдей басып Чыныке, / Кененимге барганы, / Сүйүнгөндөн Чыныке, / Кылжыкени унутуп, / Үйдө жалгыз калганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Учураша кетейин, / Жоодар бешим атадан, / Жетим калып чоң болду, / Бар болсо көрүп өтөйүн”- / Деп Айчүрөк бурулат, / Канатын Чүрөк жымырып, / Теректин башын сыдырып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
…Жыгачтын баары шуулдап, / Кыздар комуз каккандай, / Тоо жаңырып зыңылдап, / Суу бойуна тоңгон муз, / Эрип кетти жымылдап, / Согум айы болгон кез, / Көк көрүндү жымырап, / Чээнге кирген курт калбай, / Чуркап жүрөт кыбырап, / Боордо борпоң таш калбай, / Баары түштү дыбырап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →