жымый2

китептерде 24 жолу, 7 китепте жымый 1 →
  1. Ууртунан жылмаюу, ичинен күлүмсүрөө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жагынган менен ар канча, / Жакшылык жок кыргыздан, / Деп Каракөз айтканда, / — Акылы бар эр эле, / Эптүү жандын бири эле, / Эл кыдырып кеп тыңшап, / Жүрөбү деп сени эле, / Же болбосо жымыйып, / Жатабы деп тим эле, / Чатырыңа Каракөз, / Келген жайым бул эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кашын кагып кылыйып, / Уурту күлүп жымыйып, / Кыйырын салып кара бет, / Кыйа карап турду эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Угуп Чүрөк жымыйып, / Капканга түшкөн суусардай, / Астыртан тиктеп кылыйып: / — Эрлиги артык төрөсүң, / Кээ кездерде кебиңди, / Кайтарып койсом өткөрбөй, / Айтканыңды биле албай, / Аны кимден көрөсүң? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Сезип болду Сомбилек, / Серпилип баатыр унчукпай, / Ичинде турат жымыйып, / Сыр алдырып туйгузбай: / Аталаш бизде туугандык, / Энебиз башка болсо да, / Бир кишиден туулганбыз, / Эки башка чоңойуп, / Билише албай курганбыз. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Баарынан да Бекдайырды кара, өмүрүндө бир жымыйып күлбөгөндөй үңүрөйгөн терең көзү жашылданып, алдына бирөө бирдеме таштай салса бакырып барып, баса калчудай болуп отурат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →