жылыш2
- Бир орундан экинчи орунга жылуу, жылып кетүү, козголуу.
- Сыйлыгышуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жылышып жүрүп кангайлар, / Келерки жылы жеткинче, / Чоңойорсуң эт катып, / Кыргыздан жыйнап кол алып, / Биз чыгарбыз алдынан, / Аңгыча барбай жаткын, — деп, / Мадыбек айты далай кеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…арып, / Катышпайбыз сага, деп, / Анан кетип калалы, / Коркуттум деп баарысын, / Бачагар жатып калганда, / Алдындакы кеңешти, / Унутушпай жыйылып, / Үйөр селдей жылышып, / Анан жетип баралы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жолдон тапкан кылычың – / Өткүрлүгү кылычтай, / Төтөп болгон эренге, / Түгөнбөгөн ырыстай, / Өмүр бойу бек турган, / Убада сөз жылышпай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Көтөлөк көздөй жылышып, / Күндө кызык кылышып, / Баштап жүргөн Манасы, / Он беш күн болду дегенде, / Нарынына барбаспы, / Баары качып буруттан, / Нарындын шаары бузулган, / Аңырайып эшиги, / Ар жерде ити улуган, / Акылынан шашыптыр, / Алтайды көздөй качыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Хан Сулаймат алдына, / Кайтып келип катыны, / Амал канча жашырып, / Кебин айтты акыры: / — Айтканынан жылышып, / Жанбайт экен кызыңыз, / Кандай акыл ойлоп тап, / Өзүңүз амал кылыңыз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →