жылы
- Тап, илеп, ысык аба, күн нуру өтүп ж.б. жылуу болуу, жылуу абалга келүү.
- Мээрим төгүү, сүймөнчүлүк, жакшы көрүү сезими пайда болуу, ийигүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Көкөйгө айтып сыр кылбай, / Сырынын четин туйдурбай, / Өрүүн алып бир жылы, / Каңгайга кетти туралбай, / Аралап барып Каңгайга, / Медеркан атын өчүрдү, / Жаман чапан, жаман ат, / Балтык атка көчүрдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кийинки жылы куу чаар бээ, / Дагы бирди тууганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кыздардын жайы ал эле - / Өтүп кеткен учурда, / Кайыпчал деген бар эле, / Өзү адам баласы, / Алганы пери кызы эле, / Ар жылы болуп бойуна, / Бирден сулуу туучу эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Хан болдуң араң бир жылы, / Касиет конуп оңолдуң!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Он алтынчы жылы кыргыз үркүнүндө кандай кубулмалуу кабар угулуп жатса мынабу да ошондой!
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →