жылчыксыз
- Жылчыгы жок, туташ.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Же болбосо жылдырбай, / Жылчыксыз камап турганбы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
жазыптыр Дабытай, / Запыранын капчыгын, / Ошол жерде карады, / Кененимге берем, деп, / Белендеген немесин, / Капчыгынан таап алды, / Дабытай колго түшкүнчө, / Жылчыксыз жерге камады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ — Тамгасы калмак тамгасы, / Кечилдин ханы Коңурбай, / Анын малы турбайбы, / Жылдырып жылкы айдайлы, / Жергеде калган кыргызга, / Жеткирип Коңур жылкысын, / Жылчыксыз көөнүн жайлайлы, - / Кобурашып өзүнчө, / Берендер келе жатканда, / Түндүкчүнүн Тору айгыр, / Түмөндөн чыккан зор айгыр, / Минип алып кампайтып, / Каталдын уулу…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кейишти тарткан чагың бу, / Келтирейин атыңды; / Ай караңгы түн болсо, / Туман баскан жылчыксыз, / Жер көрүнгүс күн болсо, / Кулагынын шамы бар, / Тумшугунун үстүндө, / Нокто кескен тагы бар, / Мурдараак минбей чалгынга, / Буулугуп турган чагы бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кырк киши бар жанында, / Жыйырмасы алдында, / Жыйырмасы артында, / Түндөсү кирип кетишет, / Жылчыксыз тоонун бооруна, / Мингени кызыл буурул де, / Кийгени аппак буулум, де, / Чылбырына чырмалып, / Карадөө турду кечке, де, / Күн бешимге барганда, / Ошондо келди кепке, де: / “Кээде угат кулагым, / Кээде укпай каламын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →