жылчык
- Экинчи тарабын шыкаалап кароого болгудай, шоола же суюктук өтүшү мүмкүн болгон кичине тар тешик же кууш жарака тартып кеткен ачык жер, боштук.
- Бош орун, ачык жер.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Арамзада Сулаймат, / Бармагын тиштеп баш чайкап, / Алды аркасын тең байкап, / Баш көтөрүп бир чакта, / Жылчыгы жок кеп айтат: / — Баарың уккун, — деп айтат, / Хандык такта колумда, / Калк башкарып эл бакмак, / Канчалык пикир ойумда.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Сейиттен коркуп себеп таап, / Качкан кулдар турбайбы, / Талаадан таап кеп курап, / Жылчыгы жок бек курап, / Картыке карап турбайбы, / Картыкени кармагын, / Эки колун байлагын, / Талга асып жайлагын!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Күн эртең мененкиден калыңдап, асмандан жылчык көрүнбөй бүтөлүп алды.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
"Эми тобокел, ушул жылчык менен эптеп кыялап түшүп көрөйүн", – деп бала баягы жылчыкты көздөй барып, коп кыйынчылыктар менен акыры жерге түшөт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
Ал чыгып кетпей турган кылып үйдү жылчыгы жок бекитет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →