жылчый

китептерде 4 жолу, 2 китепте
  1. Өтө кысыңкы, кууш, көрүнүштө болуу, араң эле жылчык тарткан көрүнүштө болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ге сүрө жыгылып, / Көзү агып калган бар; / Жыгачтуу жерге жыгылып, / Жалпак бет болуп калган бар; / Мурду сынып былчыйып, / Көзү шишип кеткен бар; / Шоолаланып жылчыйып; / Кокустап бели калган бар, / Кобалбай жатат чыңырып, / Аралап баатыр Кененим, / Ат бастырып өткөн жер, / Жуушаган койдой торойду, / Каптап калмак келбеди, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Желмогуздан кеп угуп, / Кеп укканда жеме угуп, / Желмогуздун кептерин, / Накай акыл деп угуп, / Бабыраган Тапан хан, / Батмачыктай былчыйып, / Отуруп калды жылчыйып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Карачкыдай далдайып, / Алдыңкы ээрди шалпыйып, / Үстүнкү ээрди калбайып, / Чолок мурун неме экен, / Бетине батпай балчыйып, / Өңү кара көмүрдөй, / Көзү кайнап жылчыйып, / Тармалдашып сакалы, / Узун-кыска кырчылып, / Тиши чыгат агарып, / Ачылып оозу ыржыйып, / Кулагы пилдей калдаңдап, / Этеги кетип далбаңдап, / Боосу узун үзөң… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →