жылтыра
- Жылт-жылт этүү, өңү, бети жылтылдап, чагылышып көрүнүү.
- Атоочтук формада: жылтыраган. Колдогу оокаттын, нерсенин эң түзүгү, алгылыктуусу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…кан кепке ачынып, / Көзүнөн жалын от жанып, / Таноосу көөп дердеңдеп, / Сакалдары байпаңдап, / Чылбырдай болуп чубалып, / Саамай чачы салбаңдап, / Жарты көлдөй жылтырап, / Маңдайда көзү алаңдап, / Арбашып жаткан жыландай, / Ээрди-мурдун жаланып, / Найзасынын учунан, / Кере кулач от жанып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Бир албады жылда алды, / Жылтыраар эме калбады, / Жыйып баарын жалмады, / Кутуруп турган Бадыкөл, / Кыргызга назар салганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Көзү турат жылтырап, / Чыкпаган араң жан калды, / Мөөнөттүү күн бүткөндө, / Кайра айдап алпарды, / Айылга айдап барганда, / Ойноо балдар ташка алды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Тайгандардын айтканы, / Туура келди акылга, / Аргымак айтат аларга: / — Арстанымдын жолуна, / Мен болойун садага, / Талаада жаттың, күчүктөр, / Ачылбай көзүң жылтырап, / Курсагыңда ашың жок, / Чыдай албай кыңшылап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Көйнөгүнүн жеңин чыканагына чейин түрүп таштап, аягындагы намыркен өтүгүн жылтыратып, бутун сунуп салып, жамбаштап жатат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →