жылоо

китептерде 3 жолу, 2 китепте
  1. Жүгөндүн ооздугунун тегерек темирине тизгин менен чылбырдын бириккен, туташтырылган бөлүгү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Төгүлүп кетет каныбыз, / Кесилип кетер саныбыз, / Бүт өлөбүз барыбыз, / Эп келсе бизге баатырым, / Аттан түшүп алыңыз,- / Эптүү Ажым айтып кеп, / Алмаңды алды жылоодон, / Кол тийгенде жылоого, / Козголуп кетүү кыйын иш, / Алмамбет кирди ыйлоого: / — Өлбөй тирүү бар туруп, / Өнөрүн көрдүм жалгыздан, / Көтөрбөскө не чарам, / Кө… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кандай жан — деп — карасам, / Эки түгөй сур бөжөк, / Үзөңгүгө жабышып, / Кара чаар кабылан, / Капталында жарышып, / Жылаңайлак жаш бала, / Жылоодон алып жетелеп, / Учкаша минген кызыл кыз, / Көрүндү башы чекелеп, / Айбыкканым ошондон, / Абаке, али кете элек. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →