жылмаңда

китептерде 7 жолу, 4 китепте
  1. Жылмая күлүмсүрөө, жылмаң-жылмаң этүү.
  2. Жалаңдап шыпылдаган, тартынбаган өткүр мамиледе болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Белге кынай байлады, / Адис болгон эр неме, / Найзаны кармай алганы, / Кылыч менен жарар да, / Балта менен чабар да, / Топчу кулак карагер, / Жыландан бетер жылмаңдап, / Койондой ыргып кылт этип, / Кетенчиктеп кеткени, / Жайнап чыга бергынче, / Найза менен төртөөнү, / Катар сайып өткөнү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Алоокенин алчасы, / Сын тайтылып жылмаңдап, / Жыландай жылма заар экен, / Душман тургай элине, / Ичи толгон чаар экен, / Айласы менен ар кимди, / Алуучунун бири экен, / Ачуусу келсе ааламга, / Айабаган … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сейитекти мен билдим, / Семетейдин уулу экен, / Күндүзү Чүрөк жылмаңдап, / Күзгүдөй бети тунарат, / Түнүндө жатса жанаша, / Сийдымкана жыттанат, / Күндүзү менин жанымда, / Түндөсү жатып жүргөнбү, / Гүлчоро кулдун жанында?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Ордо баккан жигиттер, / Кызмат кылып далдаңдап, / Кеп айтаардан эринип, / Келиндер турат жылмаңдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Жылбас атты чуратып, / Жылмаңдап өңүн тер басып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →