жылмала

китептерде 12 жолу, 7 китепте
  1. Жылма тегиз абалга келтирүү, одуракай же быдырлуу, уңкул-чуңкул жерлерин тегиздеп жылмакай түргө келтирүү.
  2. Кандайдыр бир болгон ишти, айтылган кеп-сөздү так өзүндөй эмес, бир аз түзөп, сыпайылап башкачараак айтуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бактыбайды качырып, / Жыйырманы сайып жылмалап, / Чапкан чөптөй кыймалап, / Антип турган Бактыбай, / Аткарыдан кан кечип, / Эр карыдан жин кечип, / Батырлык кылган Бактыбай, / Келе жаткан манжудан, / Анча-м… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Шаарың менен жылмалап, / Чыгарайын тарпыңды! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Азыраак айтып жылмалап, / Кыркын баатыр жиберди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Таштап кетем дегениң - / Желмогуз келип эми эле, / Жылмаласын дегениң. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Тизеге чокмор чабылды, / Томугу канча жарылды, / Элебей буттун сынганын, / “Эми сайып бурутту, / Жылмалап муну тынайын” / Ээрдин кесе тиштенип, / От жанып көздөн күчөнүп, / Заарын салып кезенип, / Күүлөп найза безенип, / (Бул белгиси келгенде, / Бекер өлүм табылчу,… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →