жылмай

китептерде 26 жолу, 9 китепте
  1. Күлүмсүрөө, күлүмсүрөгөн кейипте болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Далайдын жанын алыптыр, / Байлоодон Матан бошонуп, / Табына келген шумкардай, / Жылмайа түштү боштонуп, / Тартынбаган эр экен, / Ламанын турган тобуна, / Киргиси бар ат койуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Жердин бетин сыйпалап, / Жүзүнө сүртүп шыйпаңдап, / Күлүмсүрөп жылмайып, / Карап турду бир далай; / Бир мезгилде карасаң, / Кой оозунан чөп албас, / Коңур чечен Ажыбай: / — Эңкейип белиң бүгүлгөн, / Эңчелеңдеп жүгүнгөн, / Жайыңды айтчы, ким элең? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Эл чогулуп келгенде, / Барлык элди жылмайтып, / Жалмап болду бир демде. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
…у болсун сымбаттуу, / Учкул болсун канаттуу, / Тулпар болсун атактуу, / Жазда өнгөн жалбырак, / Күз болгондо кубартты, / Кыймыл эткен баарыны, / Кара жер соруп жылмайтты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
— Ийе, үйдөн жылмайды. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →