жылкы

китептерде 427 жолу, 10 китепте
  1. Күч унаа катарында пайдаланылуучу жал куйруктуу, сом туяк үй жаныбары, төрт түлүк малдын бир түрү.
  2. Он эки айбандын аты менен аталган кыргыздын жыл сүрүү эсебиндеги жетинчи жылдын аталышы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Индинин эли жете албайт, / Жылкысы жүнсүз бүт делбе, / Сыртка келсе кырылат, / Кайта үйүнө кете албайт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Сайрабай булбул тил катып, / Молдо торгой, сандыгач, / Сүйлөй албай буулукту, / Мурун кудай такшанып, / Күкүктүн баары күдүңдөп, / Көк асман бети бүрүлдөп, / Көрүнбөй көзгө күүгүмдөп, / Кээде олтуруп, кээде кооп, / Тели болгон жылкыдай, / Чакчелекей жүгүрөт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
Ат чалдырып Ажатта, / Алмамбет калды ал жакта, / Жылкыны айдап эр Сыргак, / Бурулбай кетип баратса, / Алдынан чыкты бир дөбө, / Айнектей мейкин талаада, / Алмамбет айткан дөбө, деп, / Артымды карап көрөм деп, / Дайын… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Отуз төөдө жүгү бар, / Беш жүз ашуун жылкы бар, / Эрди-катын жыйырма жан, / Кулу менен күңү окшойт, / Мен көргөнүм ушул деп, / Бүттү бала айткан кеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Эси оогандай эндиреп, / Алмамбет уулу Гүлчоро, / Сөзүн таппай темтиреп: / «Э, кагылайын, Канчоро, / Кайраты толук, эр чоро, / Экөөбүз бирге тууштук, / Жылкыны бирге кууштук. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →