жылжы

китептерде 5 жолу, 4 китепте
  1. Жай, акырын жылып агуу, сызыла чыгуу (суу, суюктукка карата).
  2. Жылжып аккан күмүш булак сүйкүмдүү шылдырайт (Каимов).
  3. Абдан жай басуу, абдан жай жыла жүрүү, өтө жай, акырын жылган кыймыл-аракетте болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Төшү тулаң жырылган, / Арасы булак жылжыган, Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…ркөлүп, / Туман түшүп чүмкөлүп, / Күн бузулуп түмпүйүп, / Ачык асман, жер бүркөк, / Кимдер баатыр, ким коркок, / Мындай күндө билинет, / Кыбыладан жел жүрсө, / Жылжып туман сүрүлөт, / Салышкан эрдин зарпынан, / Жыртылган жердин тарпынан, / Топурак учуп созулат, / Мурункуга кошулат, / Жерге түшүп жай албай, / Обого чыгып кете… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жылтырканы, шыбагы, / Жылжып аккан булагы, / Томуктай болгон тоосу жок, / Толкуган дайра суусу жок. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…тырым, / Бул күзгүнү карачы - / Күзгүнү карап эр Сыргак, / Жини келип эң чындап, / Башындагы малакай, / Жулуп алып ыргытты, / Алмамбетке алайып, / Ачуулу кебин жылжытты: / — Мен бузбайын көркүмдү, / Айланайын Алаке, / Кийбеймин мындай бөркүңдү! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жыргалдуу киши кептенип, / Жылжыган саздан каз уулап, / Жайдак атчан, жалаң тон, / Жалгыз жүргөн сен кимсиң? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →