жылдыр

китептерде 28 жолу, 7 китепте
  1. Кандайдыр бир нерсени ордунан козгоо, экинчи бир жерге которуу, илгери карай түртүү.
  2. Акырын, жай, илкитип айдоо.
  3. Тымызын, астыртан иштөө, билгизбей аракет кылуу, астыртан кеп-сөз жөнөтүү.
  4. Алга, жөнөтүү, илгерилетүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жесекчи келип жүрү деп, / Алып келип чатырга, / Боортоктотуп жылдырып, / Тобо-томук кылдырып, / Ал бешөөнү киргизди, / Көкбөрүнү үстүнө. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…октуларда топ болсо, / Коркуп балдар боздосо, / Эркин басып бээ саабай, / Керилген келин, боз улан, / Жер кемерде жок болсо, / Менин баатырлыгым бекер!”–деп, / Жылдырып тууну көтөрүп, / Ээн жайлоонун айагы, / Ак шорго түшүп кетем, деп, / Баатырың элдин камын жеп, / Болгун аман баарың, деп, / Бастырмак болгон кезинде, / Медерка… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
Шапыракты жылдырып, / Амалын тилеп калчанын, / Алып бара жатканын, / Көрүп калып эр Чубак, / Токтоо кылбай жан чыдап, / Кууп кирди артынан, / Көк бууданды камчылап, / Бастырбай турат дөбөттөр, / Алды-артынан борбуйлап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кескелдирик жойлосо, / Кере кулач жыландай, / Жыландары жойлосо, / Жылдырып аркан тарткандай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Султаналы жолоочу айткан чоң ташты ордунан жылдырып коюп, дагы колун ийнине чейин төмөн карай салып, төмөнүрөөк жибергенге коркту. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →