жылдык

китептерде 37 жолу, 7 китепте
  1. Мезгили, мөөнөтү жагынан жыл боюнча эсептелген, белгилүү бир сандагы жылга тете келген.
  2. Кандайдыр бир окуянын белгилүү жылга толушуна байланыштуу салтанаттуу түрдө белгиленүүчү календарлык дата, күн.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Келе албасаң бетиме, / Кыргыздан алган канча мал, / Бир жылдык төлүн ээрчитип / Айдап келип бергиле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Батай, Катай – балдарды, / Катылышпай жүрүүгө, / Канча жылдык кат алды, / Канкордун уулу кабылан, / Кайра тартып аттанды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Бир жыл менен үч жылдан, / Чогулушуп ал экөө, / Чыңгыш ханга келүүчү, / Үч жылдык алдын болорду, / Ханына айтып берүүчү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жети жолборс жүрөгүн, / Бышырып майда тууратып, / Жети жылдык туу койдун, / Мөл майына чылатып, / Өткөрө куйуп туз салып, / Дагы кара мурч салып, / Бир колуна кошо алып, / Кылжыкенин алдына, / Койду муну алып барып, / Жар… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Капкачанкы каткан тер, / Баары бойдон тарады, / Нечен жылдык болгон күч, / Бойуна келип жыйналды, / Койо берип баланы, / Айчүрөктү карады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →