жылдыз

китептерде 146 жолу, 10 китепте
  1. Түнкүсүн жаркыраган чекит сыяктанып көрүнгөн асман телосу.
  2. Айланадан бирдей аралыкта жанаша жайланышкан учтуу урчуктары бар жылдыз сымал геометриялык фигура; ошондой формадагы значоктун, ордендин белгиси.
  3. өт. Адамды өзүнө тарткан сүйкүмдүүлүк, мээрим.
  4. Көбүнчө балдарды эркелеткенде, сүйгөндө мээримдүү, сүйкүмдүү деген мааниде айтылуучу сөз. Алдей, алдей алдей ай, Таңкы чолпон жылдызым (Токомбаев).
  5. өт. Белгилүү, таанымал, көрүнүктүү, кадыр-барктуу, Жакшы уул – көктөгү жылдыз, жакшы кыз – жакадагы кундуз.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Чекене алыс жерде деп, / Кол салбадык силерге, / Кара шаар, жылдыз элдерин, / Эркине койдук жерде деп, / Арабызда калмактын, / Аласын ала качпадык, / Ак теңгесин чачпадык, / Каңгайда шибе, солондун, / Көп орбодук буудайын, / Өрт койбодук айдаган, / Шекер кылчу куурайын, / Анча-мынча дем алып, / Келесиңер жыл сайын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…ыргыздар, / Эми азыраак кабар алалы, / Атасы эзип суу берип, / Көзүн ачып жер көрүп, / Ордунан коппой солк этип, / Эки күн жатып көгөрүп, / Караңгыда жөнөдү, / Жылдыздан шуру тагынып, / Башына чүмкөй чапанды, / Калдайта кара жамынып, / Жатарга таппай айланы, / Жаш баатырды сагынып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Саламат менен Ачакан, / Жылдыз чыкпас күн тийбес, / Келбес жерге кетиптир, / Жеталбадык аларга, / Деп айтып бар ханыңа / Катына катты Кененим, / Жазып койду бетине, / Айчыгы алтын чоң мөөрүн, / Басып койду четине. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
Таң агарып атканда, / Тараза жылдыз батканда, / Сүзүлүп таң бозоруп, / Супа салган чактарда, / Арстан Манас баатырың, / Уйкусунан ойгонуп, / Ордунан туруп толгонуп, / Эшикке чыгып айкөлүң, / Даар… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
— Өзи де бир адамга жылдызы жок, түгин салган неме экен. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →