жылгын

китептерде 5 жолу, 3 китепте
  1. Кызгылт түстө топ-топ болуп чыгуучу чырпык сыяктуу бадал.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Табылгы,четин, аралаш, / Жылгын, балгын,чамалаш, / Чычырканак, эчки тал, / Мал өтө албайт аралап, / Жер бетинен мындайды, / Адам уулу таба албайт, / Мындай сонун конушун, / Жат душманга кыйалбайт, / Кол салып келген ким болсо, / Койгулашпай туралбайт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Экөө ага кошулду, / Айдардын буту созулду, / Табылгы, жылгын жагылган, / Чогу жаман баарыдан, / Майы агып баратат, / Төшү менен карындан, / Каныкей көрө салыптыр, / Карбаластап алыптыр: / — Койо бер, арам иттер – деп, / Жанына басып барыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
– деп, / Үрбүнү тартып жиберди, / Камчынын көгү жетиптир, / Бети айрылып кетиптир, / Аркасына бурулса, / Мөндүлөгөн көп калмак, / Мөндүрдөй болуп эт талап, / Жылгын шишин колго алып, / Жыла басып баратат, / Балгын шишин колго алып, / Балпаңдай басып баратат... Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…ка: / — Ушу жерде куу Тайлак, / Күндүгү кара аргымак, / Керт этээрге чөбү жок, / Каргышка кеткен жер экен, / Түзөңү аппак шор экен, / Тоорогу кыйла мол экен, / Жылгындын кени мында экен, / Кеми анык жок экен, / Сага жери жай экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Тамактын жайы мамындай, / Ойунда терең, талы бар, / Адыр ичи бүт ыргай, / Табылгы, четин аралаш, / Балгын, жылгын дагы бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →